Кыргыз эстрада ырчысы Айтурган Эрмекова социалдык тармактагы жеке баракчасына МАИ кызматкерлери анын жолдошуна кол көтөргөн видеосу жарялады. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында, ырчы айымга байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:
“Мен рулда болчумун. Жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгом. Бирок ал жерде жол өтмөк жок болчу. Менден мурун 2 унаа өтүп кеткен. Мени чыгармачыл инсан деп атайылап кармап жатышат.
Жолдошум келип, “эмненин негизинде жубайыма протокол түзүп жатасыңар?” десе, аты-жөнүн айтпай койду. Күйөөм анын курунан тартса, ага кол көтөрүп, шериги дагы келип асылды.
Бүгүн Кадамжай жергесине тойго баратабыз. Эртең бул окуянын аягына чыгабыз”, -дейт ал.