“Балдар жөнүндө кодексти кабыл алган кезде биз кыргыз экенибизди унутуп калдык”,-деп айтты «Бир Бол» фракциясынан депутат Улукбек Ормонов бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.
“Кодекске биз балдар ата-энесин сотко бере алат деп жазып койдук. Биз батыштын баалуулуктарын өзүбүздүкүнөн жогору коюп жана ата-энебизди урматтоо деген түшүнүктү, алардан кандай тарбия алганыбызды унутуп койдук. Келгиле мыйзамдарды кабыл алууда өзүбүздүн баалуулуктар менен салттарды эске алалы. Мындай мыйзамдар менен биздин жаштардын ата-энеге карата мамилесин жок кылабыз”,-деп айтты депутат.