Мага үйлөнөм деген жигит менден жаш жана жүрөнөөк болуп жатат

Саламатсызбы келиндер, жашым 36да, бир кыз бир уулум бар. Экөө тен мектепти аяктаганы калды. Биринчи турмушум болбой калган. Жолдошум мени окууну аяктаар менен алакачып алып беш жыл жашап ажырашып кеткенбиз. Азыр ал жолдошумдун экинчи турмушунан беш баласы бар. Менин айтайын дегеним мени менен чогуу иштеген менден сегиз жаш кичүү жигит эки жылдан бери артыман калбай ээрчип келет. Орто жолдон үйлөнүп төрт айга жетпей ажырашып кеткен. Өзүм деле эки жолу башка кыздар менен жакындашып жүргөнун кармап калгам. Мындайда бир айга чейин мага көрунбөй калып кайра эле келе берет. Жалгыздыктан өзүм да жадап баратам. Кызым менен уулум өз жашоолору менен алек. Үйдө чогуу отуруп тамактанбай деле баратабыз. Кээде кучагымда бирөө болсо деп коем. Бул жигитке турмушка чыксам кийинки жашоом кандай болот?

Add your comment

Your email address will not be published.