Бакай-Атада зордукталып жүргөн өспүрүм кыз көз жарды

Таластын 17 жаштагы тургуну көз жарды. Бул тууралуу Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгул Узакбаева билдирди.

Анын айтымымында, ага Бакай-Ата районунун тургуну арызы менен кайрылып, 2004-жылы туулган кызын айылдагы балдар алсыздыгынан жана ден соолугунан (кем акыл) пайдаланып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

«Учурда иш Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөдө экен. Жакындары иш жеткиликтүү текшерилбей, жыйынтык болбой жатат деп кайрылышты», – деди ал.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 8-июнунда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына​ ​ катталган материал келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылы туулган тургуну — кош бойлуу Т.С. (37 жума) түшкөндүгү көрсөтүлгөн.

Аталган факт ​ аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБде тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине​ Жазык кодексинин 164-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. ​

Азыркы убакта Т.С.га карата соттук-медициналык экспертиза​ дайындалып, ​Т.С.нын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

 

Add your comment

Your email address will not be published.