Алмазбек Атамбаевдин уулу Бишкек шаардык кеңешине депутат болду

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары ант беришти.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев дагы күбөлүк жана төш белги алып, Бишкек шаардык кеңешине депутат болду.

Ал шаардык кеңешке «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен келди. 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо аталган партия 5 мандатка ээ болгон.

Кадыр Атамбаев 28 жашта. Ал Атамбаевдин эң кичүү уулу.

Add your comment

Your email address will not be published.