Ашдоддогу (Израиль) медициналык борбордун дарыгерлерин таң калтырган окуяга туш болушту. Алар жаңы төрөлгөн ымыркайдын өзгөчө томпойгон курсагын текшергенде ичинде түйүлдүк бар экенин аныкташкан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, өзгөчө курсактуу ымыркайдын курсак көңдөйүндө жарым-жартылай өнүккөн түйүлдүктү текшерүүдөн кийин шашылыш операция жолу менен алып салышкан.  Бул көрүнүштү дарыгерлер миллиондон бир ымыркайда курсакта өнүгүү учурунда кабылат деп аныктама беришкен.

«Бул өтө сейрек кездешет. Акушерлердин жана неонатологдордун көпчүлүгү мындай учурларды уккан, бирок иш жүзүндө мындай учурлар аз болгон », — деди доктор Омер Глобус The Jerusalem Post гезитине берген маегинде .

Учурда ымыркайдын ден соолугу канааттандырарлык болгондуктан энеси менен бирге үйгө чыгып кетишкен.

Предыдущая статьяСултанбеков: Оппозиция бирикпесе дагы жеңилет
Следующая статьяАсылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бийликке баш оору жаратабы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here