Менин жашым 30да, бир балам бар, ал 9 жашка толду. Күйөөм менен ажырашканыма 8 жыл болду. Ошондон бери күйөөгө тийбей калдым. Мага жаккан күйөө  чыккан жок. Мага жакканга мен жакпай калам, айтор, күйөөгө тийбей, жашым дагы өтүп баратат. Жалгыздыктан ушунчалык тажадым. Мен да турмушка чыгып, дагы төрөп, бактылуу болгум келет. Бала жытын сагындым. Балам да “апа, сиз эмнеге төрөбөйсүз? Төрөңүз” деп кейип калат, балама аябай боорум ооруйт. Баламдын атасын мен төрөгөнчө эле апасы башкага үйлөндүрүп салган. Азыр ошол аялы менен жашайт. Үч баласы бар. Эми мага чалып, жазып “эмнеге күйөөгө тийбейсиң?” деп сурай берет. Анан “мен сени сүйөм унута албайм, экөөбүз эч кимге билдирбей жүрө берели, экөөбүздүн никебиз болгон” дейт.  Эми кандай кадамга барсам, кеңеш айтыңыздарчы?

Предыдущая статьяКүйөөм менен ажырашсак да көңүлдөш болуп келебиз, андан төрөгүм келет
Следующая статьяАйка: Денис Петрашовду сүйүп калып, ал эсимден кетпей жатат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here