Мыйзам долбоору бир күн мурда, 27-июлда, ЖКнын тармактык комитетинде каралганда ар бир төртүнчү депутат аял болушу керек деген норма киргизилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов шайлоо мыйзамдары каралып жатканда аялдардын квотасын азайтуу керектигин айтты.

Мыйзам долбоору кечээ, 27-июлда, тармактык комитетте каралганда ар бир төртүнчү депутат аял болушу керек деген норма киргизилген. Бирок жалпы жыйында буга аял парламентарийлер квотанын аздыгына нааразычылыгын билдиришти.

«Мен ар бир аялзатын сыйлайм, жада калса Чолпон-Атадагы келинчегим дагы «эмне болуп жатасың?» деп чалып жатат. Ар бир экинчи депутат аял болсо, анда парламент эмес эле, «Кыз-Бурак» ансамбли болуп калат. Ошондуктан ар бир төртүнчүсү аял болсун деген комитеттин чечимин калтыралы», — деди Токтомамбетов.

Андан соң вице-спикер Аида Касымалиева ар бир экинчи эмес, үчүнчү депутат аял болсун деген талап коюп жатканын тактады.

Ал эми эл өкүлү Айсулуу Мамашова кесиптешин абайлап сүйлөөгө чакырды.

«Аялдар көбүрөөк депутат болсо, «Кыз-Бурак» эмес майнаптуу парламент болот. Эгемендүүлүктү алгандан бери жалаң президенттер башкарып келе жатат, бир жакшылыкка жеттикпи? Ынтымакка келе албай жатабыз, урматтуу эркектер. Мен сизди сыйлайм, бирок бул жакты комедияга айлантпаңыз. Кыздар бул жерде ырдап жаткан жок, жалаң балдардын, аялдардын жана социалдык темаларды көтөрүп иштеп жатат. Кандайдыр бир таарынычыңыз болуп жатат окшойт, бирок эч качан минтип айтпаңыз», — деди Мамашова.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууга өзгөртүү менен киргизилди. Анда 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) системасы менен шайлоо сунушталууда. Ал эми босого чек беш пайызга көтөрүлгөн.

Предыдущая статьяКүйөөмөн картайып, бетимди бырыш басканда сүйөсүңбү десем, жообу таң калтырды
Следующая статьяЭч кимден коркпойм! Сулайманов менен Токтомамбетовдун жаакташкан видеосу

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here