Касымбек Жумаев: Ош окуясындагы фигуранттар ачыкталмайын, кандаштарыбыздын арбактары ыраазы болбойт!

Мындай пикирин Касымбек Жумаев аттуу фейсбуктун колдонуучусу жазды:

Этникалык кагылышуунун оту алоологон 2010-жылдын июнь айы кимдир бирөөлөр үчүн бийлигин турукташтырып калуу үчүн оңтойлуу учур болсо, башкалар үчүн үрөй учурган согуш, жек көрүү, жакынынан айрылуу, дайынсыз жоголуу, азап менен тозок болду.

Албетте, тегин жерден өрт чыкпайт эмеспи. Бул жерде убактылуу өкмөттүн ошол кезде бир тарапты экинчи тарапка тукуруу аркылуу бийликтин негизги оппоненти болгон бакиевчилерди биротоло саясий аренадан кетирүү негизги максаты болгондугу айдан ачык. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин бул маселеге таптакыр жолошпой, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын дешип, бир тарабы экинчи тарабына ультиматум коюу менен гана чектелип келет. Ош окуясын терең иликтеп, анын жаралыш тарыхын, негизги фигуранттарын, башкы себебин элге жеткирип, алардын бетин ачуу мекен алдындагы ар бир Кыргыз Республикасынын жаранынын ыйык милдети. Биз бул ишти иликтешибиз керек, ансыз шейит кеткен кандаштарыбыздын арбактары бизге ыраазы болбойт!

 

Add your comment

Your email address will not be published.