Үйүнөн кетип калган 19 жаштагы келин табылып, кайда жүргөнүн айтты

Сузак районунун 19 жаштагы тургуну Паизова Айжамал табылды. Бул тууралуу Эркиндик Медиага Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-июль күнү саат 05:00 чамаларда Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын тургуну 2002-жылы туулган Паизова Айжамал аталган айылда күйөөсү (Т.Б.) менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп кеткен.

“Бүгүн, 29-июлда табылды. Ал күйөөсүнө таарынып, Ош шаарына кетип калгандыгын айтты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Add your comment

Your email address will not be published.