Сулайманов «парламентке ар бир төртүнчү депутат аял болсун» деген квота киргизүү сунушун артка чакыртуу үчүн кесиптеши менен талаша кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кесиптеши Аманкул Токтомамбетов менен жаакташа кетти.

Шайлоо мыйзамы каралып жатканда Токтомамбетовдун «парламентке ар бир төртүнчү депутат аял болсун» деген квота киргизүү боюнча сунушу өзүнчө добушка коюлуп, колдоо тапкан. Бирок Сулайманов ал сунушун артка чакыртып алууну суранды, бирок депутат буга макул болгон жок.

Сулайманов ар бир үчүнчү депутат аял болсун деген демилгени өткөрүүгө аракет кылды. Мындан улам Токтомамбетовдон микрофонго чыгып сунушунан баш тартууну талап кылды.

«Мен өмүрүмдө бирөөдөн корккон эмесмин. Сен мага келип кечирим сура, анан баш тартам», — деп шарт койду Токтомамбетов.

Экөөнү бир топ депутаттар арачалап, кийин өздөрүнчө сүйлөшүп аларын айтып жатышты.

Андан соң Токтомамбетовду микрофондун жанына чейин жетелеп алып барышты. Сулайманов колунан тартып жатканда, ары жактан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев «тийбе» деп кыйкырып келди.

Предыдущая статья«Кыз-Бурак» ансамбли болуп кетет. Депутат ЖКда аялдардын квотасын азайтууну сунуштады
Следующая статьяРыскелди Момбеков: «Эки жолу чай бергенге ээрип кеттиңерби?»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here