Бакыт издеп бөтөн жерге барып, бирок күнүмдүк акча үчүн ар намыстын сатылышы тууралуу чындыкты моюнга алып, күн сайын кездешип жаткан жүрөк сыздаткан көйгөйдү Москва шаарында жашап иштеген Чыңгыз Ысманов аттуу жигит өзүнүн пикирин фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Секс, баңгизат, саясат миграция.

Акыркы беш жылда таксистмин. Көбүнчөсү түнкүсүн жолдо пробка жок мезгилде иштегени аракет кылам.

Мындан беш жыл алдын Африкадан келген кара кыздардын секс индустрияда көп кездештирсем, акыркы эки жыл аралыгында кадимки эле Кыргыз карындаштырымы, чакыруу менен (по вызову) иштегендерин көп кездештирчүү болдум, андан сырткары интернет сайттарда ачык сүрөт видеолорун коюп иштеген эже карындаштарыбыз көбөйдү, Ош менен Бишкектеги сойкулар баары Москвага көчүп келишкендей сезилет.

  1. Эмнеге жаш кыздарыбыз тез жаман жолго түшүп кетип жатат?
  2. Курьер болуп иштеп, баңги зат менен түшкөн 18-24 жаштагы улан кыздарыбыздын саны, болуп көрбөгөндөй өстү, алган сроктору 8 жылдан башталып 15 жылга чейин, ошол эле котормочу болуп иштеген Салтанат Митиева эжекебиз, күн күн алыс талкаланган тагдырлар тууралу жазып келет, жүздөн 2% тарбиялык жактан пайдасын көрсө жаштар, а калган 98% жаштарда маалымат жок, ошол себептен да күн күн алыс баңги зат менен улан кыздарыбыз темир тор артына түшүп жатат.

Ким күнөөлү? Таш боор миграциябы? Же ата эне тарбиясын көрбөй чоңойгон наристеби? Же аргасыз карап чоңойткон чоң ата менен тай атабы, же авасы менен таэжелерби?

А балким баарына баш болгон бийлер күнөөлүдүр, Акаевден баштап Жапаровго чейинкилер? Же өз баласына, мээрим, сүйүү, көңүл берип чоңойто албаган мигрант ата эне өзү күнөөлүдүр?

Ооба кызың сойку болгонуна эң биринчи биз Кыргыз эркектери биз күнөөлүбүз, себеп колдогу гүлдү сен мен биз баарыбыз эркектер соолутуп жатабыз….

  1. Сен экөөбүз лох болбосок аялың туалет жуубайт эле…..
  2. Сен экөөбүз лох болбосок, 18 деги карындашың 90 жаштагы кемпирди карабайт эле…..
  3. Сен экөөбүз лох болбосок, карындашың, эжең бөлөк улуттун эркегинин астында акча үчүн абийирин сатпайт эле…..

Чырмалышкан саясат, чырмалышкан мамлекет, соолуган гүлдөр (кыздар) туңгуюк тунелде бара жаткандайбыз, келечек караңгы, үмүтүбүз түгөнүп жаткан шамдай…..

Өлкөдө бийлик, байлык талаш, өлкөдө кендер менен тендер талаш….

Келечек туүралу, өлкөнүн эртеңи тууралу ойлонгон жан жок, биримдик деп кыйкырабыз, а жан дүйнөбүздү өзүмчүлдүк эгоизм жеңип келет….

Курук намыс баарын жеңип, кудайды кошуп карганып, мезгили келсе элди эмес, энесин сатканы даяр мыкты баатырлар чыкты, эл көзүнө кыйкырабыз, айкырабыз, жарым метр жылбай туруп жалпы элге берген сөздү антты бузабыз, бүгүн силер эртең биз уурдайбыз деген жазылбаган мыйзамды киргизди улуу муун…..

Биз эркектер мезгил мезгили менен мактанабыз, менин аялым мынанча айлык алат, менин карындашым түкүнчө акча табат деп, мактанбай ыйлашыбыз керек, бир улутта бир лох поколениянын пайда болгонуна, мактангандын ордуна намыстанып иштешибиз керек, үй бүлөнү мезгили келгенде улуу өлкөнү көтөрүшүбүз керек.

Майдаланып баратабыз, патриот болуп кыз келиндерге койкоңдойбуз, анализдегибиз келбейт, чындыкты моюндагыбыз келбейт, майдабыз майдаланып баратабыз…..

Ошол эле Өзбек туугандардан 3 млн мигрант бар, ошол эле Тажик туугандардан эки млн мигрант бар, негедир алардан аз көрөсүн оң терс жүргөн эже карындаштарды….

ЭЭЙ КЫРГЫЗ КЫЗЫҢ ЭМЕС КЫРГЫЗ ЖОГОЛГОНУ КАЛДЫ, ЭЭЙ КЫРГЫЗЫМ УУЛУҢ ЭМЕС УЛУТУҢ ЖОГОЛГОНУ КАЛДЫ”-деп аяктаган.

Предыдущая статьяБостери айылындагы трагедия. Аттракцион экс-президенттин кудасына таандыкпы?
Следующая статьяКасымбек Жумаев: Ош окуясындагы фигуранттар ачыкталмайын, кандаштарыбыздын арбактары ыраазы болбойт!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here