Аламүдүн районунда жаш балага ыплас аркет жасаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн РИИБнө 1995-жылы туулган Ж.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, бейтааныш бирөө анын 2015-жылы туулган баласына карата балдар ойноочу аянтчанын жанынан ыплас аракеттерди жасалганын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 165-беренеси (Ыплас аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин райондук соттун чеими менен 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Предыдущая статьяКасымбек Жумаев: Ош окуясындагы фигуранттар ачыкталмайын, кандаштарыбыздын арбактары ыраазы болбойт!
Следующая статьяАйсулуу Тыныбекованын колуна тесме кармап отурган сүрөтү тарады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here