2016-жылы премьер-министр болуп турган учурунда Темир Сариевдин колу менен бир канча одоно иштер жасалганы эсибизде. Мисалы, «Рустидро» менен түзүлгөн келишим бир заматта жокко чыгарылып, ара жолдо Нарында ГЭСтер да курулбай, элибиз отуз миллион доллар карыз болуп калган. Ошондой эле ойлонулбаган иш АКШ менен дагы кайталанып, жыйырма беш жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан, өтө маанилүү эки тараптуу ЮСАИД боюнча келишим бир заматта чийилип, АКШ менен мамиле толугу менен токтоп, кол үзүлгөн. Жылына жүз миллиондогон доллар гранттар келбей калып, бир канча оорукана жана мектептер, ири долбоорлор токтоп калганы эсибизде.

Эми азыр таң калып жатабыз, «эмне үчүн тажиктерге Америка жардам берип, бизге эч көңүл бурбайт?» деп. Жакынкы күндөрү ал окуянын уландысы болуптур. Темир Аргембаевич көнгөн адатындай, «Америкага сейилдеп барып келейин» деген ой менен визага тапшырса, ага АКШ элчиси Дон Лу жеке өзү мурун достукка балта чапканын эскертип, кол жайып, виза берилбешин жарыялаганын уктук. Эмне дейбиз? Темикебиз, албетте, АКШга барбай койсо деле иши жыла берет. Бирок мамлекетибиздин ири державалар менен жакшы мамилебиздин үзүлгөнү жаныбызды кейиткени чын.

Предыдущая статьяЖаркынай аянчы: “Бабанов кайра камалат. Соту эки жылга созулат”
Следующая статьяБостери айылындагы трагедия. Аттракцион экс-президенттин кудасына таандыкпы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here