Алга Кылычев: «Абжалиевдер ит бекер тартып алган аквапарктан бейкүнөө өмүр кыйылды»

Фейсбуктан активдүү колдонуучусу Алга Кылычев бийликтин күчүнө салып тартып алган аквапаркты техникалык кароодон өткөрбогөнунүн айынан бир өмүр кыйылганын жазып чыкты.

«Кара жолтой Жээнбековдор жөнүндө сүйлөгүң келбесе да арга жок сүйлөөгө туура келүүдө! Кыргызстандагы көзгө көрүнгөн жерлердин баарын урук тууган, куда сөөктөрү менен басып алгандары аз келгенсип , көнгөн адатынча бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрүн алып келишет! Кудасы Абжалиевдин уулу, Сокенин күйөө баласы болуп бир кезде ит бекер басып алган Чолпон Атадагы аквопарктын техникалык тартибин акчасын аяп жасап койбой 18 жаштагы баланын өмүрүн алышты! Соке жана анын Абжалиев кудасына адамдын өмүрүн алуу оюнчукпу? Эмне үчүн техникалык улуксааты жок аквопаркты иштетип келишкен? Бийлик каякты карап отурат! Соке жана Адам өмүрүн алгыч Абжалиевдер камалсын!!!»-деп жазат.

Add your comment

Your email address will not be published.