Көздөрүнөн дароо тааныдым. Ал кезде жаш кыз болчу. Азыр баласын ээрчитип баратыптыр.
Бирок, жароокер көздөрү дале ошол бойдон. Элди түртүп жеткиче шаштым. Бир эже ачуу сөздөрүн айтып каргап дагы жиберди. Мага баары бир болчу. Мен аны кое бербешим керек.
Азыр бурулуп кетсе жоготуп алам.
Картошка саткан катарга кирип кетти. Ары-бери чуркап издей баштадым. Таптым. Атын деле
билбейм. Чуркап бардым. Мени көрүп, «Сизби?» деди. Катуу кучактап ыйлап жибердим.
Жакын жердеги ашканага кирип отурдук. Баласына таттуу, өзүбүзгө жакшылап тамак буйрутма бердим. «Эже, мынча көп» деп ыңгайсыз боло түштү. Күлүп койдум. Мен ага өмүр бою
ыраазымын. Бир тамак алып берсем дагы кылган жакшылыгынан кутула албайм.
Студенттик кезим. Алдыга чоң пландарды койгом. Окуудан башым чыкпайт. Ар жакка чуркап жүрүп, ректораттан Москвага окууга кетүүгө жолдомо алдым. Бир ай. Болгону бир ай. Анан мен
чоң шаарга бет алам. Сүйүнүчүмө чек жок.
Кеткичекти айылга барып, ата-энем менен коштошуп келейин дедим. Алар жаңылыгымды
уккандан бери бактылуу. Кошуна-туугандардын баарына айтып чыгышыптыр. Баратам десем,
апам атам кой союп жатканын айтты. Анда сотка деген жок. Эртең менен жатаканадан жолго
чыктым деп койгом. Ошол бойдон сүйлөшө элек болчук. Анан эле…

Таксиге отурсам, ичинде эки жаш жигит бар экен. Кайда баратканымды сурашкан. Айылымды айткам. Алар биринчи түшүп калышты. Анан кечке маал айылыма кирип барып мен түштүм.
Автовокзалдан автобус күтүп турсам кайдан жайдан жанагы балдар пайда болду. Мени
машинасына салган бойдон айдап жөнөштү. Ичинде дагы достору бар экен. Эч нерсе түшүнгөн
жокмун.
Көшөгөдө ыйлап отурдум. Баары бир кете турганымды айттым. Эч кимиси укпайт. Жанымда жанагы карындашы отурган. «Менин кыялдарым эмне болот? Атам менен апам сөзсүз алып
кетет. Москвага кетет болчум. Мен муну көптөн кыялдангам. Мен баары бир сүйбөгөн адам
менен жашай албайм. Кетем. Тагдырымды бузбагылачы. Суранам. » Ыйлай бердим.
— Эже, мен сизге жардам берем.
— Чын элеби?
— Ооба. Байкем урушат, бирок…
— Терезени сырттан бекитип коюшкан, мен барып ачам. Анан тиги сарай жактан чыгасыз.
Токтобой чуркап кете бериңиз.
— Макул.

Бактым бар экен. Бир машина чыгып калды. Абалымды айтсам үйгө чейин таштап койду.
Кебетемди көргөн апам менен атамдардын жүрөгү түшүп калды. Баарын айтып бердим. Сотко
берерин айтып, атам ары-бери басып жүрдү. Мени сактаган кызга ошондо рахмат айтпай чыгып
кеткенимди эртеси эстедим.
Андан бери 20 жыл өттү. Москвага барып билим алып келдим. Сүйүктүү адамыма турмушка
чыктым. Беш баланын ата-энеси болдук. Эми минтип уул үйлөп, кыз бере турган жашка келдик.
Бул бактымдын себепкери ошол кездеги көздөрү жароокер кыз экенин бир дагы жолу унуткан
жокмун. Ар түнү уктап жатканда анын бактысын кудайдан тилендим.
— Сиздин тилек кабыл болду окшойт, эже. Мен дагы азыр бактылуумун. Күйөөм абдан мыкты
киши. Азыр балам экөөбүздү алып кетет. Байкем андан бери үч-төрт жолу үйлөндү. Азыр
ажырашып кеткен. Айылда эле жүрөт. Турмуштан жолу болбоду.
— Рахмат, алтыным, бардык жеткен ийгиликтерим, жакшылыктарым сенин артың менен болду.
Мен муну эч качан унутпадым. Мындан ары байланышта болуп туралы.
Предыдущая статьяАйка: Денис Петрашовду сүйүп калып, ал эсимден кетпей жатат
Следующая статьяКүйөөмөн картайып, бетимди бырыш басканда сүйөсүңбү десем, жообу таң калтырды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here