Режиссер Ырыс Жоомартова жолдошу экөө баш кошконуна 31 жыл толгонун,
өмүрлүк жары экөө турмуштун сыноолорунан татыктуу өтүп жашап келе жатышканын социалдык баракчасы аркылуу маалымдады. “Жакшы адам менен жаркылдап жашап жаткан кез. Ооба, турмушта аябай көп сыноолор болду, бирок биз туруштук берип келе жатабыз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кездерде мени «аркалык», жолдошумду «оштук» деп көпчүлүк каршы болгон күндөр артта калды. Ошол сөздөргө көңүл бурбай, үй-бүлө куруп, уул-кызыбызга татыктуу тарбия берип келе жатабыз. Жолдошум мага иштегенге мүмкүнчүлүк берип, сүйгөн кесибим менен кенен алектенгенге жардамын берип келе жатат. Өзү момун, көп сүйлөбөйт, бирок көз карашы менен көп нерсени түшүнөм, менин тилим сайрайт, ал бир гана «взгляд» менен бардыгын ордуна коёт. «Бирөөнүн күйөөсүн бузуп алган» деген ушактарга жооп: биз 31 жыл чогуубуз” деп жазды
Предыдущая статьяМальта, оффшор жана 4 жылдыздуу мейманкана: Булар менен экономика министри Акылбек Жапаровдун байланышы
Следующая статья“Жалдырап жардам сурады, күчүбүз жетпей койду” Аквапарктан каза болгон баланын аты Стас болгон

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here