Пт. Янв 21st, 2022

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдүн бөгөт чарасы боюнча соттук отурум бүгүн, 27-июлда каралды. Эл өкүлүн 30-сентябрга чейин абакта калтырды.

Анын тарапташы, жакын досу Шайырбек Абдырахман аны менен сүйлөшүп, эмне деп айтканын билдирди:

“Бүгүн 1-Май райондук сотунда Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт коюу чарасы каралып, ал дагы эки айга 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтырылды. Соттун эшигинде туруп, милиция кызматкерлеринин узатуусунда бараткан Төрөбай досубуз менен эки ооз болсо да сүйлөшүп калууга үлгүрдүм.
Ал аны колдоп жаткан журтчулукка ыраазычылыгын айтты! Сабыр кылалы! Бул болсо да кудайдын башка салган сыноосудур! Бул сыноодон бирөөлөргө жалгандан жалаа жаап, же кандайдыр бир адамдардын жалаасын мойнума алып, түрмөдөн чыгып кетейин деген оюм жок жана антип чыкпайм!
Адамдык сапатты бийик тутам, ошондой эле кудайдын чекеге жазганын көрөм! Бир гана айтарым, эл журт үй-бүлөм, бир туугандарым, досторум сиздер сабыр кылыңыздар! Мага санаркабаңыздар!!!Мен жакшы элемин, кудайга дуба кылып, эмне күн көрсөм да шүгүр деп отурам! Аман болуңуздар! Буйруса бары жакшы болот деди!”-деп билдирди Шайырбек Абдырахман.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *