Сокулукта пакистандык жумушчулар дайынсыз жоголду

Дайынсыз жоголгон чет өлкөлүк жарандар изделүүдө, деп билдирди бүгүн, 28-июлда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

27-июлда Сокулук РИИБге жеке менчик ишкананын өкүлү арыз менен кайрылып, жумушчуларын таап берүүнү өтүнгөн.

Дайынсыз жоголгон жумушчулар – Пакистандын жарандары: Жамил Мухаммад, Лиакат Мухаммад, Ифтикар Мухаммад жана Али Карамат. Алар 26-июлда жумуштан чыккан бойдон дайынсыз жоголушкан.

Аталган факт КЖБРга катталды.

Add your comment

Your email address will not be published.