Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкектин кебетеси кетип, шаар эмес эле айыл болуп калганын айтты.

Депутат борбор калаада жөнөкөй эле кызмат көрсөтүүлөр иретке келтирилбегенин сынга алды.

“Кыргызстанда көзгө басар жалгыз шаарыбыз — Бишкек. Анын да кебетесин көрүп атабыз, ат сарай эле болуп калды. Баса албайсың, тротуар, аялдамалардын кебетеси кеткен, маршруткаларды айтпай эле коёлу. Европаны кыялданбай эле, Алматыны ээрчийличи. Алардын шаардык транспорту кирешелүү, баары так жүрөт. Бизде кубалашып эле жүргүнчүлөрдү илип кете берет. Шаардын кебетеси өлдү, айыл эле болуп калды. Сыймыктанып баса албайсың. Мэр же вице-мэр конкреттүү бир система менен иштеп жатканын көрбөйсүң”, — деди Тотонов.

Ошондой эле ал Бишкектен автобустар паркы жылына 500 миллион сомдук дотацияда турарын белгилеп, системага бара турган убакыт келгенин кошумчалады.

“Жол кирени жыл сайын эле бир сомдон кошуп тургула, эл да кыйналбайт. Бензиндин баасы бизден беш эсе арзан Алматыда жол кире салыштырмалуу кымбат. Анан эле экономиканы ойлобой популизм менен “эл көтөрө албайт” деп кыйкырып коюшат. Системалуу реформага бара турган убакыт келди. Шаарыбыз аткана, иткана болуп кетти, көчөнүн баарын ит каптады. Аны кармайын десең “итти атканча мени ат” деп чыгат. Борбордук көчөлөрдүн ичи таштандыга толгон”, — деди депутат.

Мындан сырткары, учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновду сындап, айыл өкмөт башчысын мэрликке отургузбай, чыныгы мэрди алып келүүгө чакырды.

Предыдущая статьяТөрөбай Зулпукаров: Түрмөдөн чыгуу үчүн кимдир бирөөгө жалган жалаа жаап, убалында калбайм
Следующая статьяКудайдан корккула! Карапайым эл алданбаңыздар! Айпери Кубик кызы «Элиза үй буюмдар» жөнүндө

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here