Мындай пикирин алып баруучу Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасына жазды:

Кыргыздын эң чоң коркунучу — “Биз өлсөк бизди ким көмөт?” , же “Душман көзүнө жакшы узатылышы керек!”

Өлгөндө аркы дүйнөгө жакшы узатылышы ушундай маанилүү! Артында ким өкүрүп , ыйлап калат, алар чын жүрөктөн ыйлайбы? Канча киши келет? Эмне союлат? Тим эле тирүү кезиндеги пафосту өлгөндө да колдонуп кетиш кк да!

Көмгөндө киши көп болсун деп эле кааласа — каалабаса, жакса — жакпаса деле катыш күтө беребиз. Той берип калсак , катышыбыз душман көзүнө көп болсун деп да катыш күтөбүз. Ошол “Душман” ким болсо да рахмат! “Душман көзүнө” деп атып эле кыргыз бутуна туруп, ырыстуу кийинин алат! 😁 Ал жок болсо, каралмак эмеспиз!

Кыргыз эч качан өзү каалаган үчүн эч нерсе жасабайт экен, көрсө! Өз каалооң болсо, дүйнөдө сен эле болсоң, кандай жашап, кандай өлөт элең?

Предыдущая статьяКудайдан корккула! Карапайым эл алданбаңыздар! Айпери Кубик кызы «Элиза үй буюмдар» жөнүндө
Следующая статьяСадыр Жапаров: Кийинки шайлоодо бийликтин партиясы болбойт!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here