Турмушка чыкканыма эки жылдын жүзү болду. баары жакшы бирок күйөөмдүн ушакчылыгы калбай койду. Кайнене менен чогуу турам, кайната менен күйөөм кичине кезинде эле ажырашып кетиптир. Мен келгени күйөөм апасы менен шыбырашып эле бирөөну талкуулап, башкалардын жашоосун ушактай беришет. Башында көп деле маани берчу эмес экем. Акыркы кезде кадимкидей көңулүм кала баштады. УУлума жентек т ой бергенде апамдар келишкен. Өткөндө кайненем экөө отуруп алышып менин апамды ушактап жатыптыр. Алардын сөзүндө апам колунда жокбайкуш экен. Көрсө мен булардын үйунө келип кийбегенди кийип ичпегенди ичип жатыптырмын. Кайненем айтса мейли бирок ошол сөздү күйөөм айтты. Ошондон бери буларга болгон мамилем муздап калды. Ушундай да ушакчы эркектер болобу?

Предыдущая статья«Элиза үй буюмдары» тобундагы абоненттик номурлардан алдамчылык жолу менен акча каражатын алып жаткандар кармалды
Следующая статьяКелиним «кайын атама деп» балдарым алып бербеген нерсени алып берди

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here