Учурда ар кандай каржы пирамидалары пайда болуп, ага акча которгон айрымдары арзан буюм алып жыргаган болсо, а кээ бирлери канчалаган миң сомдорун салып, алданган соң кантип кайтарып алышты билбей жүргөн учурлары. Буга ылайык ырчы айым Айпери Кубик кызы элди алданбоого үндөп атайын пост жазган.

Анын айтымында, каржы пирамидасына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы “арам” деп фатва чыгарган.

“Ассаламу алейкум! ЭЛИЗА, МЭЭРА үй буюмдарынын атынан реклама деп күнүнө 100 адам жазат! Бул системага шарият тыюу салып, фатва чыкканына канча болду?! Карапайым эл алданбаңыздар! Жаңылыктарда бул системанын айынан камалган эжелерди деле көрүп жатсаңыздар керек! Алданбагыла туугандар! ЭСКЕРТИП койдум, калганын өзүңүздөр билесиздер. Maгa бул СИСТЕМА боюнча КАЙРЫЛБАГЫЛАЧЫ. Фатва чыккандан бери ар дайым отказ кылып тыйып келем! Элди алдабагыла. Адал десе ишенип, башында мен да чыгарып алып, дарооөчүргөм. Ошондон бери РЕКЛАМАСЫН кылган жокмун жана КЫЛБАЙМ! Менин атымды булгап, Айпери деле иштейт дегендер, Кудайдан корккула!!!”, — деп жазган.

Буга ылайык, ырчы айымдын баракчасына каржы пирамидасынан ар кандай билдирүүлөр келген. Алар:

“Постуңду өчүр, болбосо сага эле жаман болот, же “чёрный” пиарды каалап жатасыңбы? Билип-билбей жазган постуңду өчүр, биз алчуларыбызды алып эле жатабыз. Болбосо биз да сен жөнүндө антиреклама жасайбыз. Өзүңдү бил дагы постуңду өчүр. 1,5 миллион “Элиза” үй буюмдарынын катышуучулары жалоб кылабыз, өчүрбөсөң”, — деген коркутууларды жазышкан.

Предыдущая статьяНурбек Тотонов: “Бишкек шаарыбыз ат сарай эле болуп калды”
Следующая статьяНазира Айтбекова: Кыргыз эч качан өзү каалаган үчүн эч нерсе жасабайт экен

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here