Кечээ 27-июлда Ак-Буура дарыясына эки бир тууган чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган бир туугандар 15 жаштагы кыз менен Ош шаарынан Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагына Ак-Буура суусуна эс алууга барышкан. 2006-жылы туулган М.К. суунун жээгинде ойноп жатып агып кеткен. Аны көргөн апасы — 1983-жылы туулган А.М менен анын сиңдиси — 1985-жылы туулган М.М. сууга секирип, кызды куткарууга аракет кылып жатканда агып кетишкен.
Кырсыктын кесепетинен эже-сиңдилер каза болуп калышкан. Ал эми М.К.ны куткаруучулар куткарып калышкан.
Эки аялдын жансыз денесин Ош ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын туристтик взводунун кызматкерлери алып чыгышкан.