Турмушка чыкканыма үч жыл болуп калды. Ата-энем менен сүйлөшүп эле көңүлүмдү сурабай алып берип коюшкан. Мойнунан байланган иттей болуп жашап келебиз. Жолдошум болсо менин бар жогума карабайт. Кыскасы апасын бага турган аял керек болуп эле алып койгондой сезиле берет. Ортодо кыздуу болдук. Өткөн айда кызым катуу ооруп тез жардам чакырсам бизди инфекционныйга жаткырып коюшкан. Ошондон бери эле кайненем да күйөөм да кызымдын оорусуна мени күнөөлөп келишет. Мен ооруканага жатып калып кайненем эки күн тамак жебей калыптыр. Ушул сөзду беш жолу айтып күйөөм жекире берди. Акыры уруша кеттим. Кайненем ушуну күтүп жатканбы айтор күйөмдүн көзүнчө «Ажырашкалы сен мага жакпайсың»-деп төркунүмө кубалап жиберди. Азыр төркүнүмдө жүрөм. Ата-энем өздөрүн күнөөлөп мага унчуга алышпай жатат. Эмне кылсам?

Предыдущая статьяӨзүмдүн күйөөмдү сагындым, жараша алабызбы?
Следующая статьяЖанар Кадыралиев: “Асылбек Жээнбеков эрегишпесин, Алмазбек Атамбаевдин командасына оомат келди!”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here