Пикир келишпестиктен улам бири-бирине ок чыгарышып, жаракат алгандар ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.
Маалыматта, ушул жылдын 24-июлунда Панфилов районунда октон жаракат алган эки адам ооруканага түшкөн. Ал эми аларга карай ок чыгарган жаран убактылуу камоочу жайга киргизилген. Ал эми бул тууралуу милиция кызматкерлери: «Териштирүү учурунда Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен жабырлануучулар менен бейтааныш адамдын ортосунда пикир келишпестик орун алып, ок атышуу болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган»-деп билдиришкен.