Экс министр Тилек Токтогазиев кайрадан саясатка баш бакты. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бийликке ашыкча асылгандар каттоого алына турганы тууралуу сөзүнө жооп кайтаруу менен билдирди.  Анда ал: “Kaktus Media -нын журналисттери Ташиевтин сөздөрүн баарын жазып, «учётко» алып жатышыптыр. Сиздерге алкыш! Журналисттер — төртүнчү бийлик бутагы — деп бекеринен айтылбаса керек. Ал эми биздин ЖОГОРКУ Кеңештеги депутаттардын бул кызматкерди ээлеген кызматынан бошотконго эрки жетеби?

Каталары өтө көп болуп кетти. Мыйзамды тебелеп, тепсеп эле жатат. Эл аралык мамилелерибизге да терс таасирин тийгизип, Кыргызстандын аброюна шек келтирип жатат.

Же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйласын, же ээлеп турган кызматын бошотсун.

Кандай дейсиздер, мекендештер?”-деп жазат.

 

Предыдущая статьяКайнатамдын кыялы чатак кантип кемпир алып беребиз?
Следующая статьяЖеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here