Самара Каримова жол кырсыгына кабылды

Ырчы Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу жергиликт сайттардын бири жазып чыкты.

Маалыматта,  ырчы жолдошу менен Оштон Бишкекке сапар тартып келе жатканда Токтогул аймагынан жол кырсыгына кабылышкан. Бул тууралуу алгач кырсыктын күбөсү болгон жаран жергиликтүү басылмалардын бирине билдиришкен. Ал эми маалыматтын чын-бышыгын Асан Мансуров тастыктап: “Кечээ Оштон Бишкекке бара жатып Токтогулдан жол кырсыгына учурадык. Рулда мен болчумун, баары жакшы. Эч кандай жаракат алган жокпуз. Токтогул аймактык ооруканасына кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алып кеткенбиз. Учурда Токтогулдабыз, Бишкекке болгон сапарыбызды улайын деп турабыз”, – деп билдирген.

Add your comment

Your email address will not be published.