Пт. Янв 21st, 2022

Орок айылында белгисиз адам асынып турган жеринен табылды. Милиция анын өздүгүн тактоо үчүн жардам сурап жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 20-июлда Орок айылынын аймагынан жолдун жанындагы талаадан асынып өлгөн адам табылды деген билдирүү түшкөн. Маркум болжол менен 20-25 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү жигит.
Кийген кийими: латын тамгалары менен баш сөөктүн сүрөтү түшүрүлгөн кара футболка, көк джинсы шым, бутунда кара кроссовка.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арыкчырай, узун кара чач, көздөрү күрөң.

Ким экендиги жөнүндө маалыматы бар адамдан Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0313453380, 0312607567, 0701801803 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *