Ош облустар аралык ооруканасында коронавирус илдетинен улам кош бойлуу келин көз жумду. Бул тууралуу Turmush маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, маркум 6 айлык кош бойлуу болгон. Курсактагы бала өспөй калган. Келиндин жасалма төрөттөн кийин бөйрөгү иштебей, абалы начарлап кеткен. 18-июлда Ош облустук төрөт үйүнө жаткырылып, 19-июлда Ош бириккен аймактар ​​аралык ооруканасына которулган.

Маалымат ооруканадан тастыкталды. Алардын айтымында, келин кош бойлуу кезинде коронавирус илдетине кабылган.

«19-июль күнү Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын 1997-жылы туулган тургуну Т. кызы Г. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына келип түшкөн. Ал оор абалда реаниматологдордун коштоосунда которулган. Ага чейин Т. кызы Г. Ош облустук төрөт үйүнө Баткен облусундагы Кадамжай районунан келип жаткан. 11-июлда келин ичи ооруп, кан аралаш суюктук менен Кадамжай аймактык ооруканасына келген. Алгачкы медициналык кароодон өткөргөн учурда 26-27 апталык боюнда бар экени аныкталган. УЗИден өткөргөндө боюндагы түйүлдүк өөрчүбөй калганы белгилүү болгон. Бала курсагында өспөй, чарчап калган.

Ага геморрагиялык шок (бул дененин курч кан жоготуусу менен байланышкан критикалык абалы, макро-жана микроциркуляция кризиси, көптөгөн органдардын синдрому жана полисистемалык жетишсиздик) жана төрөттөн кийин бөйрөктөрдүн иштен чыгышы деген диагноз коюлган.

Бейтапка экинчи жолу операция жасалган. Бир нече күндөн кийин жатынды алууга туура келди. Бейтаптын бөйрөктөрү да иштебей, буга чейин гемодиализ алып жүргөн экен.

23-июлда бейтаптын деми кысылып, жөтөлүп, дене табы көтөрүлө баштады. Биз тез арада рентген жасап, ПЧР-анализ алып текшергенде коронавирус жуктуруп, эки тараптуу пневмонияга чалдыкканы аныкталды. Келин 25-июлда каза тапты. Өлүмгө ушул диагноздор себеп болду», — деп билдиришти ооруканадан.

Предыдущая статьяСеид Атамбаев: «Убагында биз да митингде турганда Жээнбековдор антимитинг уюштурган»
Следующая статьяЫрчы Самара Каримова реанимацияга түштү

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here