Кайненемдин карызын төлөйм деп жүрүп балама ээ боло албай калдым

Саламатсыздарбы менин сурайын дегеним ким меникиндей проблемага туш болду эле…?? Мен күйөөгө тийгениме беш жыл болду. Ушул жылдын бир уулду болдук. Турмуштун айынан беш жыл бою Москва менен Кыргызстандын ортосунда жүрдүк. Себеби буга чейин той кылам деп кайненем үйдү залогго коюп процент алыптыр. Процент өсүп кетип четинен төлөп келебиз. Баштапкы үч жылда уулумду сиңдим карап берди. Ал жумушка чыгып акыркы эки жылда уулумду кайненем багып калды.  Карызыбыз буткөндө күйөөм башка менен жүруп кетип ажырашып жатабыз. Баламды алайын десем кайненем мен баккам деп баламды мага көрсөтпөй жатат. Жактоочу жалдасам баламды өзүмө ала аламбы? Беш жыл мен албаган карызды төлөп эми баламды ала албай каламбы?

Add your comment

Your email address will not be published.