Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.
Маалыматта, 26-июлда болжол менен таңкы саат 6 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу бетон тосмону сүзүп алган. Ал эми унаанын ичинде жүргүнчү катары вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана дагы эки адам болгон. Алардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшүп, ал эми вице-мэр Ырсалиев ооруканада жатат. Ал эми азырынча Ырсалиевдин абалы тууралуу маалымат тактала элек.