Орусияда эмгектенген 19 жашар мигрант келин дааратканада көз жарым наристени таштанды челекке салып салган. Бул тууралуу “Комсомольская правда” басылмасы жазып чыкты.

Алардын маалыматында, Екатеринбург шаарында иштеген мигрант кыргыз келин кош бойлуу кезинде дарыгердин көзөмөлүнө катталган эмес. Ушул жылдын 25-июлунда көз жарып, наристени жоготуу аракетинде таштанды челекке салып койгон. Наристенин ыйынан улам кошуналар тынчсызданып үйдун эшигин талкалап кирип, таштандыда ыйлап жаткан ымыркайды көрушкөн. Тез жардам чакырышып, ымыркайды алар ооруканага алып кетип полиция кызматкерлери энени суракка алышкан. Кызыгы ал сурак учурунда кыргыз жергесинде эч ким ооруканага бара бербей турганын  салт борюнча үйдө төрөп баланы ырымдап чакага сала турганын айткан. Качан жазадан кутула албасына көзү жеткенде гана ал каалоосуз төрөлгөн наристеден кутулууну көздөгөнүн айткан.

Предыдущая статьяВИДЕО — Иче турган сууга түшкөнү үчүн аялды жылыңачтап сабап салышты
Следующая статьяСамара Каримова жол кырсыгына кабылды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here