“Тойго баратып батпай калышты” 4 баланы багажына салып бара жаткан айдоочу табылды

2021-жылдын 23-июль күнү социалдык тармакта “Кыргызстанда айдоочу автоунаанын багажына 4 баланы салып бара жатат” деген маалымат менен сүрөт жарыяланган. Аталган унаанын ээси табылганын Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты Талас ОИИБнин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан багыттамалар берилип, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам иш алып барып, интернетке чыккан айдоочу табылган.

“Өтмөк” ашуусунан кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 07 642 ААР сандуу автоунаага Кара-Ой айылыныны тургуну Ж.Т. аттуу айдоочу Суусамыр жайлоосундагы чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган.

Айдоочу Ж.Т. ЖКККБна алынып келинип, унаасы токтотуучу жайга киргизилди. Ага карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды”,-деп айтылат маалыматта.

Add your comment

Your email address will not be published.