24-июлда шайлоого байланыштуу Токмок шаарынын тургундары жана “Эмгек”, “Асыл мурас жаштар” партияларынын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында кайрадан митингге чыгып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Эске салсак, “Эмгек” жана “Асыл мурас жаштар” партиялары Токмок шаарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, аймактык шайлоо коммисиясына кайрылган жана ал 16-июлда колдоо тапкан.

Бирок “Бирге-Вместе”, “Эл Биримдиги” жана “Патриот Ынтымагы” партиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана добуштарды кайра эсептөө тууралуу токтомго каршылыгын билдирип, Борбордук шайлоо коммисиясына арызданышкан. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени 18-июлда карап, добуштарды кайра эсептөө тууралуу Аймактык шайлоо коммиссиясы кабыл алган чечимди негизсиз деп тапкан
Коом пресс

Предыдущая статьяМаркум Рысбектин сабап жаткан балдарга жалдырап, жалынган сөздөрү телефонго жазылып калган-(ВИДЕО)
Следующая статьяСүрөт — “Атабызга окшош кыздуу болдук”. Алпаруучу Саната Жумакадырова наристелүү болду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here