Мурунку күйөөм менен ойнош болгум келбейт, көзү ачыктар жардам бере алабы?

Жаштык экен сегиз жыл мурун бир балалуу болгондо жолдошум менен таарыныша кетип мен Москвага кетип калгам. Төрт жылдан кийин келсем жолдошум башкага үйлөнүп эки балалуу болуптур. Эки жыл башкага турмушка чыгам деп эки үч эркек менен мамиле кутуп кэси менен жашап да көрдүм бирок алардын бири да мага үйлөнүү тууралуу кеп козгогон жок. Өзгөчө уулумду укканда акырын эле куйруктарын түйүп кетишти. Акыры жолдошумдун артынан сая түшүп жүрүп акыры аны менен көңүлдөш болуп алдым. Бир жылдан бери экөөбүз жашырынып жолугушуп келебиз. Азыркы аялынан кызганам. Андан тартып алгым келип жатат. Канткенде күйөөмдун башын тегеретип тартып алсам болот. Же көзу ачыктарга барсамбЫ? Мага окшогон абалда калып көзү ачыктарга баргандар барбы?

Add your comment

Your email address will not be published.