Коронавирустун 3-толкунунун туу чокусу өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек.
«Азыр эмдөө иштерин тездетип жатабыз. Сентябрь айында окуучуларды салттуу түрдө мектепке кайтып
келишин каалайбыз.
Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Предыдущая статьяЖамалбек Ырасалиев: Башынан эле мэрликти мээлеп келе жатам
Следующая статьяТашиев менен Жапаровдун соцтармактарда тараган сүрөтү тууралуу түшүндүрмө

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here