Кемин районунда адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгы болду. Бул маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 22-июлда саат 21:20 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында «Хонда Степвагон» менен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерден каза болуп, дагы 5 адам оор жаракат алган.

 

Аталган жолдун 132-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу барып, каза болгон жарандардын жансыз денесин жана жаракат алган адамдарды унаадан чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 22-июлда саат 22:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгон.

1975-жылы туулган айдоочу И.Т. «Мицубиси Паджеро» унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, «Хонда Степвагон» унаасы менен кагышкан. Аны 1996-жылы туулган Р.С. чыгыштан батышты карай башкарып бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен окуя болгон жерден «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү көз жумду. Бүгүн, 23-июлда эртең менен ушул эле унаанын дагы 2 жүргүнчүсү аймактык ооруканада көз жумганы белгилүү болду.

Андан тышкары «Хонда Степвагондун» эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат менен аймактык ооруканада жатышат.

«Мицубиси Паджеро» унаасынын айдоочусун спирт ичимдигин ичкени же ичпегени боюнча медициналык кароодон өткөрүү учурунда ал — 1975-жылы туулган И.Т. мас абалда болгону аныкталган. Учурда И.Т. ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканада жатат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Предыдущая статьяОсмонов: Мекендештер кыйналып жатат, элчи иштесин же кетсин
Следующая статьяМоюну, бетинин сол тарабы мурдунан кулагына чейин кесилген. Кампадан 2 адамдын жансыз денеси табылды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here