Күйөөмдү же сүйгөн жигитти тандай албай убарамын, кеңеш бериңиздерчи?

“Мен Бишкектеги кафелердин биринде администратор болуп иштейм. Жолдошум, бир уулум, бир кызым бар. Улуусу төрт жашта, кичүүсү эки жашта. Бишкектен ата-энебиз квартира сатып беришкен. Жумушумда баары жакшы, баарын башкарам, “мүнөзүң катуу, анан аябай тың кызсың” дешет кесиптештерим. Бирок жеке жашоом акыры учурда аягы түгөнбөгөн бир кошмарга айланып кетти.

Жолдошум спорт жаатында машыктыруучу, үйдөн дайыма чыр чалат, мени уруп сабайт, көз көрүнөө эле башка кыздар менен кетип калат. Көп жылдан бери ошентип жүрөт. Бир нерсе десем басынтат, такыр сүйлөтпөйт, катуулап баратсам кол көтөрөт.

Ошентип жүргөн күндөрдө Миржан аттуу жигит менен интернеттен таанышып калдым. Экөөбүз жолугушкан күнү эле эски тааныштардай сырдашып кеттик. Албетте жакын мамиледе болдук. Ошондон бери доспуз. Бир жылдан бери артымдан калбай “күйөөң менен ажыраш, мен үйлөнөм, эки балаңды багып алабыз” деп жатат. Апасынын жалгыз уулу экен, Бишкектин четиндеги Мыкан деген айылда турат, мурда үйлөнбөптүр.

Жакында ооруп калып ооруканага жаттым, күйөөм бир да жолу басып келбеди, балдарымды кайынэнем карады. Миржан дарыга деп акча берип, оорукананы айланып кетпей улам келип мени камкордукка алды. Жанымда жаткан эжелер “күйөөң аябай жакшы бала экен” деп суктанышты. Аларга ал менин сүйүктүүм экенин айткан жокмун.

Азыр башым маң. Кайсы жолго барып, кандай тандоо кылышты билбей турам, жолдошумдан кетейин десем эки баламдын атасы, мени жөн эле кое берип жиберерине да көзүм жетпейт. Сүйүктүүмө барайын десем энеси каршы чыгары айдан ачык. Ата-энем дагы мен ажырашсам жаман көрөрүн билем. Чечимди кандай кабыл алам кеңеш бериңиздерчи!, – деп кайрылды Бишкектен Жазира.

Add your comment

Your email address will not be published.