Айбек Бусурманкулов, Талас облусунун мурунку губернатору:

— “Жакшы” деген баа берет элем. Кумтөр боюнча коррупциялык жалпы иштерге кылмыш иштери ачылды жана көптөн күткөн баардык келишимдерди денонсациялоо иштерин демилгелеп баштады. Кылмыш кодекси жана башка укуктук мыйзамдарды иреттеп атат. Мамлекеттик тилдин баркын көтөргөн иштери коомчулук тараптан колдоого алынып жатканы жүрөк жылытууда.

Бир сөз менен айтканда, Курманкул Зулушевди өз ишин мыкты билген кесипкөй жана калыс адам деп билем. Ишине ийгилик каалайм!

Эрлан Бекчороев, журналист, активист:

— Бүгүнкү бийлик, же башкы прокурор кылып жаткан иштер “укуктук талаада кетип баратат” деп айтсак калп айткан болобуз. “Камап, казынаны толтурабыз” дегени да тандалма жана новаторлук кадам эмес. Мындай кадамдары бийликтин элди таштап качуусуна жол ачат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде мыйзамсыз камаган тергөөчү, сотторду жоопко тартуу боюнча талкуу кылышты. Жыйынтыгы “катаалдыктын кереги жок, ийкемдүү мыйзамды карайлы” дешти. Күнөөсүздү күнөөлүү кылып эркиндигинен ажыраткан сотторду, тергөөчүлөрдү бийлик бүгүн дагы канатына калкалап турат. Жаңы Конституция боюнча баардык буйрукту башкы прокурор гана бере алат. Ал – Курманкул Зулушев.

Нургазы Мусаев, медиа-эксперт:

— Курманкул Зулушев коомчулукка оболу кыргыз тилине болгон мамилеси менен таанылды. Ал прокуратуранын иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү менен юридика жана укуктук тил жагында жасалбай жаткан чоң иштерге кадам таштады десек болот. Чынында кыргыз юридикалык тил жаатында жасала турган иштер өтө көп. Буга чейин тилчилер тарабынан укукчуларга көп эле сунуштар болуп келген, бирок чыныгы аракеттер Зулушевдин тушунда башталды. Зулушев 2017-жылы кабыл алынган кодекстерди карап чыгып, кайра жазган жумушчу топтун башында турууда. 2017-жылкы кодекстер бир нече миллиондук гранттар жана бир канча профессионал юристтердин аракети аркылуу жасалган чоң иш болгон. Бирок ошого карабастан, коомчулукта ал кодекстердин иштеп кетүүсүнө чоң күмөн ойлор жаралган. Чын эле турмуш ал кодекстердеги көп алешемдиктерди көргөздү. Курманкул мырза 2017-жылкы кодекстердин жазылышына колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулуктун көзүнө карабай туруп, укуктук мыйзамдарды биздин укуктук талаага, реалдуулукка ылайыктап жазып жатат. Билгенге мунун өзү чоң эрдик. Башкы прокурор мырзанын ишинде өз алдынчалуулук, саясый конъюнктурага баш ийбегендик байкалып келүүдө. Бул да чыныгы укуктук мамлекеттин башкы критерийлеринин бири.

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:

— Бул жигитти профессионалдык даярдыгы бар, ишине тыкан, сөзүнө турган жетекчи катары баалайм. Биздин коомдо далай башкы прокурорлор кызматта болушту. Алар бирде болбосо бирде чоң калпыстыктарга жол берип, коомчулук тарабынан жакшы, тийешелүү баа алышкан эмес. Октябрь революциясынан кийинки келген кадрлардын арасынан Курманкул мырзадан андай калпыстыктарды байкай элекмин.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:

— Мыкты адис көрүнөт, намыстуу жана билимдүү экени байкалууда. Туруктуу өз позициясы бар кесипкөй адам. Сот кезинде эле бийликти эмес, мыйзамды сыйлаган жана мыйзамга гана баш ийген адис экенин көрсөткөн экен. Менимче, прокурор саясый фигура болбош керек. Зулушевдин жетекчилигинде прокуратура чыныгы адам укуктарын, мыйзамдуулукту сактаган жана коргогон органга айланат деген үмүт бар. Бир сөз менен айтканда, Курманкул мырзага ийгилик гана каалайм!

Элнура Кулуева, эркин журналист:

— Курманкул Зулушев эл өкүлү катары өз орду бар адам. Мыйзамчы депутат катары элге жакшы таанылып калган. Өзгөчө кодекстерди талкуулап атканда позициясы абдан жаккан эле. Мен аны такшалган юрист, мыкты кадр катары билгем. Бирок, башкы прокурор болуп бекигенден кийин коомдо талаш-тартыш жараткан беш кодексти коомдук талкууга алып чыкпаганы бир аз ойлондурду. Бир канча убакыт өткөндөн кийин бул кодекстерге баары бир кайрылып келе турган абалда калды. Ушу жерден Курманкул Зулушев өзүнүн профессионалдуугулун көрсөтүшү керек эле. Ошол ИИМ багытындагы милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча бир топ мүчүлүштүктөрдү кылып коюшту. Учурда коомдо көптөгөн мыйзамсыз аракеттер болууда. Аларга укуктук баа берүүдө башкы прокуратура аксап, катачылыктарды кетирип атат деп ойлойм. Эртеңки күнү бул жагдайда кандай баа берилиши керектигин эске алса болмок.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяКайын атам мен төрөгүчө артыман калбай жүрдү
Следующая статьяОсмонов: Мекендештер кыйналып жатат, элчи иштесин же кетсин

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here