Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети биринчи окууда “Үй-бүлөлүк мааракелер, үлпөт той, юбилей жана жаназаларды өткөрүүнү ирээтке келтирүү” боюнча мыйзам долбоорун  жана “Бузуулар боюнча кодекске” өзгөртүү киргизүүнү кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүдо бир нече чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады.

– Үй-бүлөлүк майрамдар жана башка тойлорго 100дөн ашык адам чакырууга болбойт.

– Үлпөт той бир күн гана өткөрүлүш керек жана банкетке чакырылгандардын саны 200 адамдан ашпаш керек.

– Никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатына (ЗАГСка)  3төн ашык автоунаа чыкпаш керек.

– Жаназага келген адамдардын саны чектелбейт. Бирок жылкы жана башка бодо мал союуга тыюу салынат.

– Куран окутууга 100дөн ашык адам чакырууга болбойт жана жылкы, бодо мал союуга тыюу салынат.

– Ажыдан келген адамды тосуп алуу иш-чарасы үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда гана болуш керек.

– Ажыдан келген адамга көп сандагы адамдарды чакырып сыйлаганга болбойт.

– Үлпөт той, юбилей жана башка үй-бүлөлүк салтанаттар дем алыш күндөрү саат 8:00дөн, 23:00гө чейин иш күндөрү 18:00дөн, 22:00гө чейин өткөрүлүш керек.

Маданият,  маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жаназада тамак берилбеш керек жана бодо мал эмес, таптакыр мал союуга тыюу салыныш керектигин айтат. Анткени айрымдарда кой сойгонго да мүмкүнчүлүк жок.

Мыйзамдын демилгечиси депутат Улугбек Ормонов мыйзамды бузган жеке жактар 35 000 сом, ал эми юридикалык жактар 100 000 сом айыпка жыгылаарын айтат. Учурда Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Айып пулдун көлөмү дагы каралышы мүмкүн”,-дейт ал.

Предыдущая статьяАнжелика: «Турмушка чыкпайм, үй-бүлөмдү тандадым»
Следующая статьяКүйөөмдү же сүйгөн жигитти тандай албай убарамын, кеңеш бериңиздерчи?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here