Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн боюна “Асман” деген экологиялык шаар куруу тууралуу дымактуу планын жарыялган. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт. Бирок айрым адистер көлдүн экологиясы кандай болот, андан көрө бар шаарларды оңдоп, өндүрүштү жандантуу керек деп айтууда. Активист Руслан Бекназаров аталган долбоор боюнча өз пикирин Фейсбуктагы бакарчасына жарыялады.

Анын айтымында бул долбоор Ысык-Көл аймагына өзгөчө статус берүү аракетинин башкача формасы:

Асман шаары… Ысык-Көл аймагына өзгөчө статус берүү аракетинин башкача формасы.. ЖК дагы бул мыйзам долбоору коомчулук тарабынан катуу талкууга алынган соң, «план Бга» өткөн кербездери.. 500 000 — 700 000 адам жашаган өзгөчө статустагы шаар дешип жатышат. Ошол 500 000 — 700 000 кимдер? Жергиликтүү эл ал жактан массалык түрдө батир алышына күмөнүм бар. Көбүнчө ал шаардан ашыкча дүнүйөсү барлар алары турган иш. Мындан сырткары көбүнчө чет элдик «олигархтар, бизнесмендер, ишкерлер» алаары анык».-дейт активист
Ошондой эле Бекназаров аталган шаар казинолордун, сойкулуктун, бузуку иштердин ордосуна айланат деген пикирде:
«Алар бул шаарды эс алуучу, көңүл ачуучу аймак катары колдонушат. Ишенип коюңуздар ал жер казинолордун, сойкулуктун, бузуку иштердин ордосуна айланат.
Жергиликтүү калк ал жакта иш менен камсыз болушу мүмкүн. Бирок, ал жердеги бузукулук кыргыз элинин урпагына өтө чоң зыян алып келет.
ЖК депутаттары айткандай «аталышын башкача жазып коюпсуңар, добушубузду кайра алабыз» дегендей болуп кечирээк өкүнүп калбайлы..»

Расмий маалыматка караганда, “Асманды” курууга болжол менен 20 миллиард АКШ доллары кетет. Сабиров долбоорго жеке инвестициялар тартыларын, азыр эки инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Курулуш 3 айдын ичинде башталышы мүмкүн.

«Дүйнөнүн кайсы булуң-бурчунан болбосун, инвестор келип туруп Бишкек шаарынан мага 20 гектар жер бергиле, өзгөчө проект менен шаарча же микрорайон курам десе, бере албайбыз. Ал жерден 100 гектар сураса да бөлө алабыз».

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстанда ушу тапта 32 шаар бар. Эгемендик алгандан бери өлкөдө жаңы шаарлар курулган эмес.

Предыдущая статьяБаткендик апа: «Кепеде жашап жатканыбызды көрүп, тажиктер шылдыңдап өтүшөт»
Следующая статьяНазира Айтбекова: Уялымыш болуп, уу тилин агызгандар, менин короомдон кой жоготтуңарбы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here