Президент Садыр Жапаров коронавирустан эмделди

Президент Садыр Жапаров «Синофарм» вакцинанын биринчи дозасын бүгүн 23-июлда алды.

Мамлекет башчы Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги эмдөө борборуна экинчи уулу менен келди. Ал да вакцина алды.

Жапаров калкты вакциналар жөнүндөгү имиштерге ишенбей эмдөөдөн өтүүгө үндөдү.

Ал айрым аксакалдар өлкөгө бекер вакциналар атайын жөнөтүлүүдө деген ушактарды таркатып жаткандыгын айтты. Президент Кыргызстан 1 миллион дозадан ашык вакцина сатып алгандыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун жубайы – биринчи айым Айгүл Жапарова 27-майда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн.

Add your comment

Your email address will not be published.