Акыркы убактагы табышмактуу кадрлык өзгөрүүлөрдүн бири – Таалатбек Масадыковдун коопсуздук кеңешинин төрага орун басарлыгына дайындалышы болду. Бул кызматты жакында Садыр Жапаров түзгөн жана дароо ага ылайык кишини да тандады. Президенттин чечими боюнча ошол замат Масадыков өлкөдөгү экинчи адамга айланганын айткандар көбөйдү. Ким ушинтип айтып жатат? КР Конституциясына ылайык, өлкөнүн экинчи адамы – бул ЖК спикери, так ошол кызмат ээси президент жок кезде мамлекет башчысынын милдетин аткарат, андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы турат. А коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары деген кызмат Башмыйзамда болгон эмес, азыр да жок.

Макул, Масадыковду кызматка тартышты, алтургай ал үчүн кызмат орунун ойлоп табышты, бирок эмне үчүн? Кыргыз-тажик чек арасындагы татаал кырдаал үчүнбү? Бийлик чындап эле бул маселени чечүүдө ушул кызмат оруну жетишпей жаткан жана тажиктер бир гана жаңы дайындалган олуттуу дипломаттын айтканын угушат деп ойлошуудабы?! Андай болушу мүмкүн эмес! Тажик тарапка кайсы бир жаңычылдыкты ойлоп табуу керек эмес, аларга талаш жараткан аймактарды тең бөлүп алуу гана керек. Мына ушул формула!

Маалым болгондой, Масадыков саясый амбициялуу, президенттик шайлоого катышкан. Ал Садыр Жапаров менен чын дилинен иштешерине ишене албайм. Президенттик администрацияда ар кандай топтордун ортосундагы интрига башталат, президенттин саясатына саботаж жаралышы да мүмкүн. Бул жакшы да эмес, жаман да эмес, ар бир саясатчыга туш келчү табигый саясый процесс.

Бирок бул кадр маселесинин бир тарабы. Жаңы кызмат кошумча чыгашаларды талап кылат – иштөө оруну, катчы, жардамчы, айдоочу, машина, күйүүчү май, иш сапарга каражат, алардын баарына акысыз медициналык тейлөө ж.б. керектелет. Божолдуу эсептөөлөр боюнча, мындай рангдагы бир аткаминерди камсыздоо үчүн казынадан жылына 20 миллион сом коротулат. Чыгаша акталды дей тургандай ал кандай маселелерди чечет? Аткаминер ушунча акчаны коротууга татыктуубу? Ар бир аткаминердин так милдети жана тапшырмалары болушу керек. Балким, бюджеттин чыгаша бөлүгүн азайтуу үчүн “ашыкча” мамкызматкерлерди жогорудан ылдыйды көздөй кыскартуу керек болуп жүрбөсүн? Ансыз да кырдаал эчактан бери аткаминерлердин аппаратын кыскартуу зарылдыгын көзгө сайып көрсөтүп келатат.

Бюджетке салмагын салган аткаминерлердин саны боюнча биз КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орундабыз. Бул “мыйзамдагы аткаминерлер” армиясы, андан тышкары, наам, сыйлык алышат, маанилүү иш-чараларга катышышат, андан кийин эмгеги сиңбесе да өздөрүнө жогорку пенсияларды жазышат. Мамлекеттик башкарууда терең реформа көрүнбөйт. Так ушундан Конституцияга ылайык так вертикалдуу бийлик жоктугунан кыйналып жатабыз. Бизде ансыз да өкмөттө башаламандык орногон, ким кимге баш ийет, ким ким менен биргеликте иш алып барат, ким эмне үчүн жооп берет – белгисиз.

Биздин аткаминерлер элдин мойнуна отурганга, ири суммадагы маяна алууга көнүп калышкан. Бул пайдалуу жана ыңгайлуу: эмгектенбей деле койсо боло берет, билимдин да кереги жок, жөндөмдүү, креативдүү болуу деле талап кылынбайт… Мамлекеттин казынасына кол салып, ал жактан элдин акчасын алып чыгып, креслосун сактоо үчүн керектүү жерге берип туруу гана жетиштүү.

Демек, чечимдерди кабыл алуу борборлорунун так иерархиясы жана диверсификациясы жок болгон күч структурасында бийликтин кризиси сөзсүз болот.

Бийликтин дагы бир көйгөйү – мурдагы бийлик ээлеринен кийинки бийлик ээлеринин өч алууга умтулуусу.

Азыр да “кара тизме” деп аталганга Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев жана Акаевди убагында колдогондор кирип калышты. Бул адамдарга мамлекеттик кызмат берилбейт же бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук жаралат. Айрымдары гана жаңы бийликти өзүнүн пайдалуу экенине ынандырып, тилин таба алышат.

Биздин өлкө “кара тизменин” өлкөсү, ал 30 жыл мурда калыптанган. Бул система Аскар Акаевдин убагында пайда болду: анын “кара тизмесиндегилер” революция жасашты жана өздөрүнүн “кара тизмесин” түзүштү. Ошол “кара тизмеге” туш болгондор кийинчерээк кайра революция жасашты, кайрадан алар да өз “кара тизмелерин” жазышты. Кайра эле ушул көрүнүш кайталанды. Кыргызстандагы токтобогон “кара тизме” айланмасы. Ошол эле убакта бул “кара тизмелерге” чыныгы мамлекеттик кызматкерлер жана адистер да түшүп калышат.

Көйгөйүбүздүн баары ушунда: так саясат жана экономикалык саясаттын уландысы жок.

Учурда, менин оюмча, транспорт министрлиги саботаж министрлигине айланып калды. Же ал өзүнүн милдеттерин аткарууга дараметсиз, же атайын, кайсы бир себептерден улам өзүнүн түз функцияларын аткарбай жатат. Бишкек–Талас жана шаарга кире бериштеги жолду алалы, анын сапатына бүт шаардыктар нааразы. Мисалы, Өтмөк ашуусу. Президент ошол тарапка иш сапарына чыгар алдында бүт кызматкерлер кыймылга келишип, жыртык-тешиктерди бүтөөгө, жолду кар күрткүдөн тазалоого шашышат. Президент кеткенден кийин иш да токтойт. Керек убакта гана иштешет, мамлекеттин көзүн жазгырышат. Ушундай эле көрүнүш башка да көптөгөн министрликтерге, мекемелерге таандык.

А сизге “Коопсуз шаар” долбоору кандай? Аны менен алектенгендер байкуш айдоочулардын тапкан-ташыганын ири суммадагы айып пул иретинде тартып алып, канын ичүүдө. Бул президенттин мамлекет жарандар үчүн деген идеясын тескери бурмалаган масштабдуу бизнес-долбоор. Баардык шарт элдин акчасын жеген, убак-убагы менен шефке акылдуу түр көрсөтүп, ар кандай долбоорлорду сунуштаган аткаминерлер үчүн түзүлгөн. Ал долбоорлор акыр аягында жараксыз болуп чыгат. Жакында Ысык-Көлгө барды. Анын келишине өтө көп милиция кызматкерлери ар кайсы жерлерге коюлду. Менин түшүнүгүмдө, мамлекет башчысынын коопсуздугун камсыз кылуу керек болгондо деле бул өтө көп жана ашыкча. Эң башкысы, бул айдоочуларды жана элди кыжырлантат. Садыр Жапаровду мен жакшы билем, ал мындай ардактоолорго, даярданууга муктаж эмес, анын алдына койгон максаты башка.

Президенттикке айрым талапкерлер октябрдагы шайлоо кампаниясында реалдуу программаларды сунушташкан. Эмнеге аларды ишке тартып, реалдуу тармакта иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк берүүгө болбосун? Өздөрүн иш жүзүндө көрсөтүшсүн. Бирок андай болбой жатат – бирин түрмөгө камашты, экинчисин көңүл сыртында калтырышты. Бул жерде жогоруда айтылган “кара тизме” принциби иштеп жатат деп ойлойм – бийлик кимди жанына тартса, ошону кайра өзү талкалайт.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяКүздө шайлоо. Эмне үчүн Райым Матраимовдон баары коркуп атышат?
Следующая статьяМосквада Кыргызстандык таксистти сабап, унаасын документтери менен кошо өрттөп кетишти

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here