Бийликке Райымбек Матраимов душман эмес. Бирок, ал айрым көркоо саясатчыларга, орунсуз оппоненттердин чекесине чыккан чыйкан болушу мүмкүн. Бул жагын реалдуу турмуш көрсөтөт. Акыйкатсыз суралып чыккандан бери бир да ооз сөз айта элек. Эч кимге. 

Эмнегедир баары күздөгү шайлоодон айбыгышып, Райым мырзадан коркуп атышканы таңгалдырды. Биздин маалымат боюнча, ал саясатка активдүү аралашпайт. А бирок, бир убакта ага-ини катарында, дос-жоролору парламенттик шайлоого катышып, Кыргызстандагы саясый аба ырайына кандайдыр бир таасир этиши мүмкүн. Бул жагына эч ким чек коё албайт. Эмесе, Райым Матраимовдун шайлоодо күчү канчалык экенин билгиңер келеби? Бул да өзүнчө феномен… Түндүк-түштүккө карабай кызмат кыла турган балдарга акыл-насаат айтса, жорткондо жонунан сыласа жаманбы? Албетте, сатып кеткендер келе алышпайт, убактылуу алакалары үзүлгөндөр үр мүйүздү көтөрүп чыгашсачы?..

А кадр саясатындагы тармактар боюнча келсек, идиреги барларды көтөрсө, алар таасир жарата башташса эмне кылабыз? Кызыгы, убагында андан жакшылык көрүшкөндөр эрезеге жетишип, мамлекетти көтөрүүгө белсенип турушат. Жүздөгөн демилгелүү жаштарга жардам берип койсо, алар баардык тармактарда өсүп атышса, мунун өзү мамлекеттүүлүк үчүн секирик да, туурабы?

Баса, Садыр Жапаров түрмөдөн чыгып, бийликке отургандан кийин айтты эле го “Кыргызстандагы 90 пайыз кыйындар Райым менен мамилеси бар экен…” деп. Анын сыңарындай, бир ууч элди бөлө да албайбыз! Баарыбыз бири-бирибиз менен көргөн жерден учурашабыз…

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяПрезидент Садыр Жапаров коронавирустан эмделди
Следующая статьяМасадыковду кызматка тартышты, бирок эмне үчүн?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here