Күйөөмдү кара жипке дубалатып алгам эми азабын тартып жатат окшойм. Мындан он алты жыл мурун күйөөмө ашык болуп калып аны арбап алууга аракет кылдым. Бирок күйөөм башка кыздарды карап туруп алды. Акыры жол жээгинде төлгө ачып отурган цыган аялдын жардамы менен өзүмө дубалатып алдым. Ал мага кара жип жана анын сүрөтүн алып келишин сурады жана кулагымдагы алтын сөйкөнү беришимди айтты. Ошентип бир жумадан кийин Күйөөм мага белектерин берип мен жашаган жатакананын алдында тунөп калды. Апам белек кылган алтын сөйкө ошону менен унутулуп турмушка чыгып кеттим. Биринчи балам төрөлгөндөн кийин күйөөм мени баламдан кызганып кээде кинодогу каармандардан деле кызганып кол көтөрө баштады. Эки үч жолу ооруканага чейин түшүп, бир туугандарым алып кетишти. Бирок күйөөм мени тынч койбой койду. Ошентип чайналып жашап келем. Эки балам биздин уруштан улам үйгө токтобой калды. Эми кантип күйөөмдөгү кара дубаны жандырып, аны менен ажырашып тынч жашай алам? Мага окшогон абалга кабылгандар барбы?

Предыдущая статьяТөрөтүмө катышкан күйөөм башкача адам болуп өзгөрүп кетти
Следующая статьяКаным: Уулум досторунан уялып, мени үйүнө киргизбеди…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here