Абактагы Алмазбек Атамбаев түрмөдө узакка чейин ойлонуп, күздөгү парламенттик шайлоого кадимки КСДПсы аркылуу чыга турганын тар чөйрөдөгү санаалаштарына айтыптыр. Бул боюнча азыр иштер жүрүп атканы, ошол эле тизме башында Туйгунаалы Абдраимов туруп, республикалык алкактан добуш ала турган орто муундан жаштарга чейин саресеп салып, кылдат анализин баштаганын кулагыбыз чалып калды. Сыягы, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева сыяктуу эрге алмашкыс айымзаттар турганда, андан аркысы жоо сая турган көкжал карышкыры бар, жок эле дегенде эңип кеткенге жарагандар турганда, мындай күрөш оңой эмес го. Айтор, бул тизме чачылганды жыйнаган, үзүлгүндү улаган күч болорун билгендер алдыртан божурашууда.

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяКаным: Уулум досторунан уялып, мени үйүнө киргизбеди…
Следующая статьяКанатбек Исаев кайрадан чоң саясатта топ жарып чыкканы калды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here