Бишкек шаарынын Көк-Жар айылына жакын жайгашкан Панорамадан 30-35 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрү билдирет.

Айыл тургундарынын айтымдарына ылайык, ал тоонун чокусунан өз боюн таштаган жана ошол жерде көз жумган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгына кечээ, 20-июлда саат 06:06да Панорама аймагындагы Көк-Жар айылынын тургундары чалып, белгисиз аялдын сөөгү тууралуу кабар беришкен. Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери жерине барып аялдын сөөгүн табышкан. Азырынча анын өздүгү тактала элек. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Предыдущая статьяМуфтий Замир Ракиев өстүрүп жаткан сакалын кайрадан кырып салды
Следующая статьяТөрөбай Зулпукаров: “Сиздердин барыңыздарга Кудайдан жакшылык тилеп дуба кылам!”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here