Муфтий Замир Ракиев өстүрүп жаткан сакалын кайрадан кырып салды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жаңы муфтий Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип, дин менен каада-салтты чогуу алып кетүүгө басым жасарын, ажылык сапарды уюштурууну муфтияттан бөлүп салуу планы, ала качуу менен көп аялдуулукка пикири жана өзү тууралуу айтып берген.

 

Маектин жүрүшүндө журналист жаңы муфтийге «Эмне үчүн сакал өстүрбөй жатканына коомчулуктун нааразы болуп жатканын, деги эле дин кызматындагы адамдарда сөзсүз сакал болушу керекпи?» деген таризде суроо узаткан.

Муфтий бул суроого жооп иретинде:

«Сакал биздин динибизде сүннөт болуп эсептелинет. Аны Пайгамбарыбыз кылган. Бирок кээ бир шартка байланыштуу аткара да албай калабыз, муну туура түшүнүү керек. Мен да кээ бир себептер менен ушундай кыска эле сакал алып жүрмөй болдум»-деген.

 

Муфтий андан кийинки сүрөттөрүндө өзү айткандай «кыска эле» сакалы менен жүргөн.

Көп өтпөй, 20-июль күнү мусулмандардын ыйык майрамы саналган Курман Айт майрамы белгиленип, Бишкек шаарында муфтий Замир Ракиевдин катышуусунда айт намазы окулду. Көрүп турганыңыздай жаңы муфтий журналисттерге айтканын унутуп, сакалын түбүнөн кырып, жалтыратып салыптыр.

 

Кыргызстанда муфтийликти шайлоо бир нече айга созулуп, улам жылып, акыры 26-июнда бир добуш менен Замир кары Ракиев бекиди. Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан, ага чейин муфтийдин орун басары болчу. Буга чейин өлкөнүн мусулмандарынын башчылыгында муфтияттагы каржы махинациясынан кийин кызматтан кеткен Максат ажы Токтомушев турчу.

Азыркы муфтий 43 жашта, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билимин жогорулаткан. Муфтийликке чейин Бишкек шаарынын казысы эле, ага чейин муфтийдин орун басары болуп иштеген

Add your comment

Your email address will not be published.