Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына жазды.

—«Президенттин орун басары болуп дайындалган Таалантбек Масадыков мырза өз компетенттүүлүгүн көрсөтө турган эки орчундуу саамды өткөрүп жибердиби дейм.

Биринчиси, Ташкентте өткөн Афган маселеси боюнча чоң жыйын… Барып, катышып, маселедеги Кыргызстандын позициясын так чийип көрсөтүп келсе дурус болмок. Бул жерде катардан калып калгандай болуп калдык, эсепке кирбей…

Экинчиси, Афгандан башын калкалап тажик чегинен өтүп кеткен кыргыз боордоштор маселеси. Тышкы иштер министирлиги алакан жайып отурат: «тажик коңшулар бизди тоотуп да койбой, кайрылууларга жооп да бербей, келгендерди кайра афган чегинен ары сүрүп салды» деп. Ушул жерде чечкиндүүлүк, компетенттүүлүк көрсөтүп, өлкөнүн позициясын коргоп алса дурус болмок.

Дайындалганда эл катары мен да сүйүндүм эле», — дейт коомдук ишмер.

Предыдущая статья«Ири суммадагы акчам жок» (Оштогу мүрзөдөн келиндин сөөгүн кайра чыгарышты)
Следующая статьяМуфтий Замир Ракиев өстүрүп жаткан сакалын кайрадан кырып салды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here